Министирликтерди кыскартуу керек.

20-02-2019 11:18

“Бизге азыркыдай көп министрликтин эмне кереги бар? Кыскартыш керек”. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда тармактык Комитеттин жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун докладынан кийин “Бир Бол” парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди. Айтымында, учурда Кыргызстандын бюджети 150 млрд сом болсо, анын көбү мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасына жумшалууда.

“Кыргызстандын калкынын саны 6 млн болсо, алардын ичинен балдарды, карыларды, мигранттарды алып салсак, ишке жарамдуу адамдардын саны 1 млн болот экен. Анын 380 миңи мамлекеттен айлык алат. Башкача айтканда, 1 мамлекеттик кызматкерди 2 салык төлөөчү багып жатат”,-деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлү мамлекет калкка көрсөткөн кызматтарды жеке жактарга бергенде гана азыркыдай кезек күтүүлөр болбой, сапаттуу кызмат көрсөтүлмөк экенин билдирди.

“Губернатор, акимдердин ыйгарым укуктарын көбөйтөлү деп жатасыңар, тескерисинче аларды жоюш керек. Айыл өкмөттөргө укуктарды берели, алар Өкмөт башчы менен түз иштесин”,-деди Сулайманов.

Количество просмотров : 175