Депутат К. Нурматов: «Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалардай соода комплекстеринде балдар ойноочу жайларды 1-кабатта жайгаштыруу керек»

05-04-2018 10:20

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынындага «Ар кыл маселелер» саатында республика аймагындагы кечиктирилгис делген көйгөйлөр көтөрүлдү.

Депутат Алмасбек Акматов Нарын облусунун куралдуу күчтөр жана ички иштер органдарынын ардагерлеринен келген кайрылуу менен тааныштырды. Анда ардагерлердин пенсияларына бийик тоолуу, катаал шартта иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр кармалып, төлөнбөй жатканы айтылган. Ардагерлер туш болуп жаткан көйгөйлөрүнө байланыштуу бир катар мыйзамдардын аткарылышын талап кылышкан.

КР Өкмөтүнүн «Таза жашоо» программасынын алкагында борбор калаада ар апта сайын ишембиликтер өткөрүлүп, көчөттөр отургузулууда. Депутат Бакирдин Субанбеков көчөттөрдү отургузуу жакшы жөрөлгө болгону менен алар кийинки жылы эле куурап калып жатканына кейип, көчөттөрдү өстүрүүгө көзөмөл кылуу керектигин баса белгиледи.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын дарыясына салынган Ак-Тал көпүрөсү бир катар айылдарды район, облус борборлору менен байланыштырып турат. Бирок аталган көпүрөнүн авариялык абалга келгенине 2 жылдын жүзү болду. Бул кооптуу көпүрө эмдигиче оңдолбой же салынбай келе жатканын шайлоочулардын атынан депутат Камчыбек Жолдошбаев көтөрүп чыкты.

Баткен облусундагы чек ара көйгөйүнөн улам ар жыл сайын жер талаш, суу талаш жана жайыт талаш боюнча чыр чыгат. Жыл сайын жагдай жайгарылып, абал туруктуу деп отчет берилет. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Карамат Орозова: «Качанкыга чейин абал убактылуу туруктуу деп келебиз. Чек ара көйгөйүнө качан чекит коюлат. Ошол үчүн жерлерди натыйжалуу пайдалануу үчүн атайын бир орган түзүлүшү керек»,- дейт.

Россиянын Кемерово шаарындагы өрт кырсыгынан улам борбор калаадагы бир катар соода комплекстеринде окуулар өткөрүлдү. Мындай маалымат менен бөлүшкөн депутат Кубанычбек Нурматов дүйнө жүзүндө соода комплекстеринде балдар ойноочу жайлар 1-кабатта жайгашкандыгын айтып, өлкөдөгү соода комплектстеринде балдар ойноочу жайларды 1-кабатка жайгаштыруу боюнча тапшырма берүү керектигин баса белгиледи. Муну менен катар депутат К.Нурматов Ош облусунун Араван районунда мамлекеттик архив кызматы, паспорттук стол, ЗАГС кызматы өзүнчө имараты жок, көчүп жүргөндүгүн маалымдап, элдин керектүү документтерин каттаган мындай жайларга туруктуу имарат салып берүү зарылдыгын билдирди.

Количество просмотров : 292