Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Нарын районуна иш сапары менен барып, Куланак айылындагы бир катар социалдык обьектилердин абалы менен жеринде таанышты. Эл депутаты адегенде облустун губернатору жана райондун акими менен бирге Куланак орто мектебинин учурдагы абалын көрүп чыкты.

04-06-2019 13:08

Иш-чарага Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жеңүүчүлөргө атайын дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды.

25-05-2019 15:20

Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан арыла албай жатып, Ысык-Көлдө уран кенин каза баштаганыбыз коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда. Мындай талаш-тартыш жарата турган көйгөйлөр башка тармактарда деле бар. Мисалы, азыркы учурда Чоӊ-Алай аймагы аркылуу өтө турган кытайдын газ түтүгү дагы жергиликтүү тургундардын арасында тынчсыздануу жаратууда. Эксперттер дагы газ түтүгү боюнча алымсынбай турат. Өкмөт мындай кырдаалды эстен чыгарбай, тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

03-05-2019 13:03

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.

18-04-2019 12:58

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеӊеш депутаттары «Ар кыл маселелер» саатында өлкө аймагындагы көйгөйлүү делген маселелерди чечүү зарылдыгын аткаруу бийлигинен талап кылышты.

12-04-2019 12:54

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна макулдугун берди.

21-03-2019 12:49

Бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков менен Абтандил Кулбараков Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айылынын депутаттары жана айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугушту.

22-02-2019 12:45

11-февралда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун 12-жыйыны өткөрүлдү.

13-02-2019 12:39

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө Кыргыз Республикасынын баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу керек экенин айтты.

25-01-2019 12:36

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланып калса, анын алкагында ишке ашырыла турган иш-чаралар үчүн бюджеттен 6,6 млрд сом каражат талап кылынат. Андан тышкары, 75 улуттук мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу багытында КР Өкмөтүнүн аткарган иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

20-01-2019 12:27

Акыркы жылдары мал киндиктүү Нарын өрөөнүндө малдарды эмдөө-дарылоо, каттоо маселелери чоң көйгөй жаратып келген. Жан-Булак айылындагы ветеринардык клиниканын (ветклиника) ачылышы бул багыттагы бир катар проблемалардын чечилишин шарттайт. Аталган ветклиниканын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Акылбек Жапаров, Алмасбек Акматов, Жылдыз Мусабекова, Марат Аманкулов катышты.

19-12-2018 12:15

Эл менен болгон жолугушуу Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык окуу жайынын залында өттү. Адегенде депутаттар, учурдагы кырдаал, чыгарылып жаткан мыйзамдар, регионду өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштер туурасында элге маалымат беришти.

18-12-2018 12:06

21-22-сентябрда Нарын шаарынын 150 жылдыгы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда чоң майрамдык маанай менен белгиленди. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Алмазбек Баатырбеков, Алмас Акматов, Жыргалбек Турускулов, Алтынбек Жунус уулу катышып, шаардын 150 жылдык мааракесинин урматына куттуктоо айтышып, саясий партиялардын жана жеке өздөрүнүн атынан акчалай көмөк-сый көрсөтүштү.

25-09-2018 12:01

Нарын районунун Улахол айылы айыл болуп жаралганы айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканансы болуп көргөн эмес. Айылдыктар 3 миң метр бийиктикте мал багып, анын эт-сүтүн сырье катары кана сатып оокат кылып келишкен. Айылдын тарыхында биринчи жолу сүттү кайра иштеткен чакан ишкана ишке берилди. Айылдыктардын чакыруусу менен келген Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков аталган ишкананын ачылышына күбө болду.

21-09-2018 11:44

Нарын районунун Эчки-Башы айылында Жусуп Иманалиев атындагы эски мектептин ордуна 225 орундук жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилди. Бир нече жылдан бери эски мектептин коопсуздугунан тынчсызданып келген айылдыктардын кубанычы чексиз.

05-09-2018 11:33

Талкуунун жүрүшүндө, депутат Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунда жашап жаткан памирлик кыргыздардын тагдыры боюнча тынчсызданганын билдирди.

03-02-2018 11:41

Кыргызстанда иштөөнү каалаган чет элдик жарандарга уруксаат кагазын берүү системасында коррупциялык механизм бар. Мындай пикирин КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков билдирди.

03-02-2018 11:32