Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жүк ташуучу Боинг-747 учагы кыйраган айылдагы кырдаалдан жеринде кабар алды

Бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков "Манас" эл аралык аба майданына жакын жердеги жүк ташуучу Боинг-747 үлгүсүндөгү учак кыйроого учураган аймак менен таанышты.

Төраганы парламенттик фракциялардын жетекчилери баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Иса Өмүркулов, Алмазбек Баатырбеков, Өмүрбек Бабанов, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров, Осмонбек Артыкбаев, Сайдолимжон Жураев, Марат Аманкулов жана башкалар коштоп жүрдү.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев жана тиешелүү органдардын өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан куткаруу иштери тууралуу маалымат берип, кырсыктын кесепеттерин жоюу, жаракат алгандарга жана каза болгондордун туугандары менен жакындарына медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү жаатында жасалып жаткан аракеттер жөнүндө учкай кеп кылышты.

Белгилүү болгондой, куткаруу иштери күнү-түнү улантылат. "Куткаруу аракеттери үчүн кырсык болгон аймакты жарыктандыруу жумуштары жасалат",- деди биринчи  вице-премьер министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Ал эми Төрага Чыныбай Турсунбеков кырсыктан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун жакындарынын баардык муктаждыктарын камсыздоого Өкмөт өкүлдүрүн милдеттендирип: "Эч ким көӊүл сыртында калбашы керек" - деди. Ошондой эле Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринин жетекчилерине жабыркагандарга жардам көрсөтүү багытындагы тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы