Шаболотов Тажимамат Тайгараевич

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары

Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1982-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык менен аяктаган.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын артыкчылык менен аяктаган.

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.

 

Эмгек ишмердиги:

1976–1977-жылдары – Ош облусунун Өзгөн районунун «Яссы» совхозунун жумушчусу.

1977–1982-жылдары – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун студенти.

1982–1985-жылдары – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун кафедрасынын ассистенти.

1985–1988-жылдары – Айыл чарбасын механизациялоо жана электрификациялоо институтунун күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты (Челябинск ш.).

1988–1994-жылы – К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ассистенти, кафедра башчысы, декандын орун басары.

1994–1997-жылдары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу инспектору, бөлүм башчысы, департамент жетекчиси.

1997–1999-жылдары – Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими.

2000–2001-жылдары – Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары.

2001–2002-жылдары – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары.

2002–2004-жылдары – Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри.

2004–2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Эл аралык интеграция жана кызматташуу иштери боюнча министри.

2005–2008-жылдары – Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаментинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Москва ш.), Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумушка орноштуруу боюнча Мамлекеттик комитетинин Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси (Москва ш.).

2009–2010-жылдары – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими.

2011-жылдан тартып – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары.

Кыргыз Республикасынын II класстагы Мамлекеттик кеңешчиси.

Техника илимдеринин кандидаты, доцент. Саясат таануу илиминин доктору, профессор.

Мамлекеттик жана башка бир катар сыйлыктардын ээси.