ДЖУМАБЕКОВ ДАСТАНБЕК АРТИСБЕКОВИЧ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

1976 – жылдын 2-ноябрында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 2001 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча  аяктаган.

Эмгек жолун 2002 – жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

2005-2007 – жылдары  бельгиялык «КАSI трейнинг»  фирмасында башкы менеджер;

2007-2009 – жылдары  «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;

2009-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча механизациялашкан көчмө бөлүгүнүн башчысы;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү;

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт»  фракциясынын лидеринин орун басары;

2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  «Ата-Журт» фракциясынын лидери;

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты болуп шайланган;

2017-жылдын 25-октябрында жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган;

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Сыйлыктары:

2009 – жылы Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык коргонуу уюмунда жасаган эмгеги үчүн медаль менен сыйланган. КР СТКУ Борбордук Кеңеши;

Райондун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Ардак грамотасы (2009 – ж.);

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2014 – ж.);

Талас облусунун Кара-Буура районунун Ардактуу атуу;

Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери.