Ибраев Саматбек Кулукеевич

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси

Ош областынын Араван районундагы Төө-Моюн айылында 1965-жылдын 25-февралында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдуу.

1989-жылы Фрунзенин политехникалык институтун  (ФПИ) “Инженер-куруучу” адистиги боюнча бүтүргөн.  

1984-86-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1989-жылы ФПИнин илимий чарбалык инженери болуп иштөө менен баштаган.

1990-1992-жылдары  ФПИнин  кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

1995-жылдары  Республикалык студенттер штабынын бөлүм башчысы кызматын аркалаган.

1996-2000-жылдары  “Имарат Сервис” ЖЧКсынын курулуш боюнча директору.

2000-2007-жылдары  “Промсталь” ЖЧКсынын башкы директору.

2007-жылдан 2015-жылдын январына чейин “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору.

2012-жылдан бери “Ак-Каркыра” Тайцзи-цюань федерациясынын мүчөсү.

2015-жылы Жети-Өгүз районунун “Ардактуу атуулу” наамын алган.

2015-жылдын январь айынан баштап Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

2015-жылы фехтования федерациясынын президенти болуп дайындалган.

2015-жылдан тартып “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун башкарып келген.

Ал эми 2017-жылдын апрель айынан бери Жогорку Кеӊештин Аппарат жетекчиси.  

3-даражадагы мамлекеттик кеңешчи.

Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен;

Апрель окуяларынан жапа чеккен түштүк регионунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүүгө карата жарандык позициясы үчүн КР Жаштар иштери боюнча министрлигинин Ардак грамотасы менен;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен;

Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы жана медалы менен;

“КРӨгө караштуу Архитектура мамлекеттик агенттигинин, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2016-жылы Ысык-Көл облусунун “Ардактуу атуулу” наамын алган.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасына татыган.

2016-жылы «XX  кылымдын Гомери-Саякбай» аттуу кино-тасманын башкы продюсери.

2016-жылы «Легенда» кино-тасмасынын башкы продюсери.

Үй-бүлөлүү,  үч баланын атасы.