1960-жылдын 8-апрелинде Нарын облусунда туулган, Жогорку билимдүү. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “тарых” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1977-жылы Чолпон-Ата шаарындагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасында жумушчу болуу менен баштаган. 1979-жылы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасынын комсомолдук уюмунун катчысы болуп эмгектенип, 1979-1981-жылдары Советтер Армиясында кызмат өтөгөн.
1987-1989-жылдары - Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1989-1991-жылдары Бишкек шаарынын Ленин райондук компартиянын идеология бөлүмүнүн инструктору.
1991-1992-жылдары - Кыргыз Республикасынын Экономика комитетинин төрагасынын жардамчысы
1992-1993-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин жардамчысы.
1993-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Маалымат, басма сөз, котормо жана жарыялоо бөлүмүнүн биринчи категориядагы адиси болуп иштеген.
1993-1994-жылдары - Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинде экинчи катчы.
1995-1996-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасынын жардамчысы.
1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынын Этика, коомчулук менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси.
2000-2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жаштар, спорт, туризм, коомдук уюмдар менен байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары комитетинин эксперттик тобунун жетекчиси кызматтарын аркалаган.
2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын аппарат жетекчисинин орун басары.
2005-2008-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппарат жетекчисинин орун басары.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппарат жетекчиси.
2009-2010-жылдары Жогорку Кенештин аппарат жетекчисинин орун басары.
Ал эми 2010-жылы КР Убактылуу Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары жана КР Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.
2011-жылдан тартып кайрадан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин аппаратынын орун басары кызматында иштеп келет.
Ал “Ардак Белги” ордени (1986-жыл), “Даңк” медалы (2007-жыл) “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеншине 70 жыл” төш белгиси (2009) менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын III даражадагы мамлекеттик кенешчиси.