Тармактык комитеттин төрайымы кызмат учурунда COVID-19 тумоосуна чалдыккан 12 милиция кызматкерине ыраазылык кат жолдоду

23-04-2020 14:32

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Н.Никитенко COVID-19 илдетине кабылган укук коргоо органдарынын 12 кызматкерине кайрылуу жолдоп, алардын азыркы учурда аткарып жаткан жооптуу милдеттерине ыраазычылык билдирди.

Анда мындай деп айтылат: - 

"Бүгүн өлкө үчүн өзгөчө болгон ушундай мезгилде, пандемия кризисинин шарттарында иштеп Сиздердин көрсөткөн кесипкөйлүгүңүздөргө, кайратыңыздарга мен өзүмдүн сый – урматымды айткым келет.

Ант берүү менен, Сиздер укук тартибин жана биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранынын ден - соолугун жана укуктарын камсыз кылуу боюнча дагы жоопкерчиликти өз мойнуңуздарга алдыңыздар. Өзүңүздөрдүн антыңыздарды ушундай өзгөчө, дүйнөлүк пандемия сыяктуу шарттарда аткаруу керектигин эч ким билген эмес. Бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин милиция, ички аскерлердин жана Улуттук гвардиянын жоокерлери өз милдетин жана антын намыстуулук менен аткарып жаткандыгын, Биз сыймыктануу менен айта алабыз.

Сиздердин ата – энеңиздер, бир туугандарыңыздар башкалардын артынан жашынбай, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтап, биздин шаарлар менен айылдардын көчөлөрүндө тартипти, жарандардын ден -соолугун жана бейпилдигин камсыз кылып жаткан татыктуу уулдары жана жолдоштору менен сыймыктана аларына ишенем”.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Н.Никитенко баштаган бөлүмдүн адистери коомдук коопсуздуктун сакчылыгында туруп, дартка чалдыккан аталган пагончондорго азык – түлүк түрүндө колдоо көрсөтүп, алардын абалынан кабар алышты. Мындан мурдараак, аталган комитет жумуш учурунда вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине дагы ыраазычылык билдирген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5301

Окшош жаңылыктар