Түз
эфир
Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин өкүлдөрү 14-15-октябрь күнү Кытайдын Чунцин шаарында өткөн “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышып жатып, аталган шаардын мэри Хуан Цифан менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Бишкек жана Чунцин шаарлары ортосундагы достук байланышты түзүп, ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле, Төрага Чыныбай Турсунбеков менен калаа башчысы Хуан Цифан эки шаар алкагында социалдык-экономикалык алакаларды өнүктүрүп, келечектүү долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу тууралуу да сүйлөшүштү.
Эске салсак, Чунцин отуз миллиондон ашуун калкы бар Кытайдын чок ортосунда орун алган ири шаар.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы