Депутаттар Россияда жана Түркияда калган кыргызстандыктарга көмөк көрсөтүү керектигин белгилешти

01-04-2020 18:53

Бүгүн, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлик жана саламаттыкты сактоо министрлик кызмат орундарына талапкерлерди кароодо.

Талкуу учурунда депутаттар Жанарбек Акаев, Таабалды Тиллаев жана Алмазбек Эргешов Новосибирск шаарындагы аба майданында калган кыргызстандыктарга, Россия менен Казакстандын чек арасында турган мекендештерге каржылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына токтолушту.

Депутат Таабалды Тиллаев Кыргызстанга уча албай турган жарандардын күнүмдүк жашоосуна керектүү муктаждыктары үчүн каржылык колдоо керектигин белгилеп, ал жактагы кыргыз диаспораларынын күчү жетпей жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Жылдыз Мусабекова Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында калган 300дөй мекендешибизди өлкөгө алып келүүгө Өкмөт көңүл бурушу керектигин билдирип, алар учурда кыйын кырдаалда калганын айтты. Муну менен катар депутат Бишкектин тегерегиндеги 57 конушту электр энергиясы жана таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоого чакырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 5227

Окшош жаңылыктар