Банктык рынокко жана төлөм системасына инновациялык технологияны киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

01-04-2020 15:58

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Инновациялык иш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга” киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдошту.  

Депутат Искандер Гайпкулов тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору банктык рынокко жана төлөм системасына инновациялык технологияны киргизүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууга багытталып, кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууну, каржылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын төмөндөтүү менен атаандаштыкты жогорулатууну көздөйт.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 3208

Окшош жаңылыктар