Алмазбек Сабырбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

26-03-2020 15:20

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тескемесине ылайык, Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Саматбек Ибраев 2020-жылдын 23-мартынан тарта өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич Талас облусунун, Талас районунун, Талды - Булак айылында 1979 - жылдын  2 - майында туулган. 

2001 - жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин (КГУСТА) «Дүйнөлүк экономикалык катнаш» адистиги боюнча бүтүргөн. 

2019 - жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын «Юриспруденция» багыты боюнча Магистр академиялык даража ыйгарылган. 

Эмгек жолун 1995 - жылы «Ай - Нуру» кичи ишканасынын Кампа кароолчусу болуп иштөө менен баштаган.

1996 - 2001 - жылдары    Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти.

2003 - 2004 - жылдары «LARC» укуктук долбоорунда улук юристинин ассистенти болуп иштеген. 

2005 - 2006 - жылдары «ЛАРК» коомдук бирикмесинин юристи болуп дайындалган. 

2006 - 2009 - жылдары «ЛАРК» коомдук бирикмесинин Кара-Буура филиалынын директору.

2009 - 2010 - жылдары «ЛАРК Талас»  коомдук бирикмесинин юристи болуп иштеген.

2010 - 2017 - жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп эмгектенген.

2017 - жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгынын улук консультанты болгон. 

2017 - 2019 - жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси болуп эмгектенген. 

2019 - 2020 - жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы  болгон. 

2020 - жылдын 24 - мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси болуп дайындалган. 

Үй-бүлөлүү,  үч баланын атасы.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2633

Окшош жаңылыктар