РФ ФЖ Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековду Нооруз майрамы менен куттуктады

20-03-2020 11:58

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековду Нооруз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо текстинде мындай деп айтылат:

“Сизди келе жаткан Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Кубанычтын жана жаңылануунун жазгы майрамы саналган Нооруз көптөгөн элдердин тарыхый, маданий жана руханий мурастарынын маанилүү бөлүгү катары сакталып келет. Бул күнү каада-салттын бийиктиги даңазаланып, жагымдуу үмүт-тилектер айтылат.

Учурдан пайдаланып белгилей кетчү жагдай, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантууну көздөйт жана өлкөлөр аралык бардык багыттагы алакаларды арттырууга кызыкдар.

Урматтуу Дастанбек Артисбекович, Сизге жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттарына бекем ден-соолук, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүңүздөргө зор ийгиликтерди каалайм! Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү тилейм!

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 4909

Окшош жаңылыктар