ЖАҢЫЛЫКТАР 19.03.20.

19-03-2020 08:44

Бүгүн, 19 – марттагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да экинчи окууда талкууланат. Өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын угуу дагы орчундуу маселе.                              

Өлкө аймагындагы тейлөө кызматтарын көрсөткөн ишкерлердин баары кандайдыр бир деңгээлде чыгымга учурап жатышат. Албетте, коммерциялык банктар анча-мынча чыгамга учурайт, бирок мындай учурда сүткордук кылбай, насыядан кыйналган ишкерлерге жардам бериши зарыл. Улуттук банк маселени катуу коюшу керек. Ансыз тунгуюктан чыгуу кыйын. Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитете Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

                           СНХ.А.МАМАШЕВА

Өкмөт чет өлкөдөн буудай сатып алууга 250 млн сом бөлүүгө ниеттенип жатканы жөнүндө маалымат бар экенин эске салган депутат Айнура Осмонова, - ал каражаттын бөлүнгөн - бөлүнбөгөнүнө, ошондой эле өсүмдүк майы менен камсыздоо жагдайына кызыкты.

                           СНХ.А.ОСМОНОВА

Кыргызстанда 2019-жылы 26 тонна алтын өндүрүлүп, салык жыйымдары 10 млрд сомду түзгөн. Бул алтындын көлөмү дагы, наркы дагы өскөндүгүнүн далили. Демек, салыктан алынган каражаттын өлчөмү да жок дегенде эки эсеге жогору болушу шарт эле, - деди депутат Каныбек Иманалиев.

                          СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Алтын аралашмаларынын курамында кезигүүчү күмүш, жез сыяктуу баалуу металлдар бар, - деген депутат Умбеталы Кыдыралев алардын да өлчөмү аныкталып, салык эсеби артышы зарылдыгын белгиледи.

                          СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Депутат Кожобек Рыспаев профсоюз уюмдары аркылуу ден-соолугун чыңдоо жайларына жолдомо алган адамдардын басымдуу бөлүгү ай сайын айлыгынан акча которуп турган карапайым эмгекчилер эмес, өңчөй кызматы барлар болуп жатканы кызык, - дейт парламенттин кечээки олтурумунда. Көзөмөлдөн чыгып жаткан бул ахыбал жөнгө салышы керек, - деп кошумчалады эл өкүлү.

                        СНХ.К.РЫСПАЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19 - мартта Чүй областынан башка аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9  метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+15...+20, Талас:+14...+19, Ысык – Көл:+7...+12, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+18...+23 градус жылуу болот. Нарын:+6...+11 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 19 - мартта  жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9  метрге чейин жетет. Абанын температурасы +17…+19 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 195

Окшош жаңылыктар