Кечээ, 17-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңеш депутаттары Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл коюшту.
“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору парламенттин бүгүн, 18 – марттагы жыйынында экинчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору болсо биринчи окууда талкууланат.“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да биринчи окууга чыгат.
Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна сунушталган Эрлан Абылдаевдин талапкерлигин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кечээки олтурумунда жактырды. Ошондой эле бул жолку жыйында тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна дайындоого сунушталган Нурлан Абдрахмановдун кандидатурасын да колдоп берди.
Кыргызстан алып жаткан насыялык каражаттардын кайда жумшалып жаткандыгын тактаган депутат Руслан Казакбаев ошол эле мезгилде бети ачылган коррупциялык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттар кайда сарпталып жаткандыгы боюнча да так жоопту Өкмөттөн талап кылды.
СНХ.Р.КАЗАКБАЕВ
Материалдык резервдер фондун маалыматына караганда, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу 103 пайыз деңгээлинде камсыздалган. Бул маселеге кайрылган тармактык комитетте депутат Кенжебек Бокоев азык-түлүк коопсуздугун кароону сунуштады.
СНХ.К.БОКОЕВ
Тамак – аш өнөр – жайынын өсүү көрсөткүчүнө кызыккан депутат Рада Туманбаева жергиликтүү шартта өндүрүлгөн айыл чарба азыктары турса, эмне себептен импортко эле байланып калуу зарылчылыгы жаралып жаткандыгына кабатырланды.
СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА
Асыл – тукум мал чарбачылыгынын сапатын арттырууга салымдаш болгондорго каралуучу субсидиялык колдоолордун канчасы ишке ашты? Бул суроону депутат Алмазбек Эргешов Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында Өкмөттөн тактады.
СНХ.А.ЭРГЕШОВ
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 18 - мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Ысык – Көл, Нарын областтарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, айрым учурда 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+13…+18; Ош, Жалал-Абад, Баткен: +20…+25, Ысык-Көл:+ 9…+14 градус жылуу болот. Нарын: +8…+13 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 18 - мартта мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9метрге чейин жетет. Абанын температурасы +16...+18 градус жылуу.
Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде
Толук окуу...Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...