ЖАҢЫЛЫКТАР 17.03.20.

17-03-2020 08:29

16-17-мартка белгиленген Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаеванын Кыргызстанда болчу расмий иш сапары кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим эки тараптын парламент жетекчилеринин телефондук сүйлөшүүсүнөн соң кабыл алынды. Диологдо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялагандыгынан улам бир тууган эки элдин саламаттыгын тилөө менен калыптанган достук мамилени өнүктүрүү багытында сөз жүрдү. Парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантуу зарылчылыгы белгиленип, депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды өнүктүрүү негиздери да каралды.

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 17 – мартта өтүүчү жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу республиканын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалы, аларды реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдарды ишке ашыруунун жүрүшү каралат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов маалымат бермекчи.

Республикалык бюджеттин аткарылышында салыктык эмес кирешелер ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.

                       СНХ.Э.ТОКТОШЕВ

Бюджет жана каржы комитети кечээки, 16 – марттагы жыйынында Өкмөттүн отчетун карады. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов балдарга каралган сүйүнчү пулдардын кандай тартипте төлөнүп жаткандыгын тактады.

                       СНХ.С.НЫШАНОВ

Мамлекеттик буюртмаларды берүүдө ата мекендик ишканалардын артыкчылыктары бар. Бирок, аны таанып – тааныбаган учурлар кала элек. Себеби эмнеде? – дейт депутат Төрөбай Зулпукаров.

                       СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

2019 – жылдын бюджетинде мугалимдердин айлык маяналарын жогорулатууга каражат табылды. Бирок, кайсыл булактан алынгандыгын тактап коюшубуз керек, - дейт депутат Мурадил Мадеминов өкмөттүн отчету каралып жаткан учурда.

                      СНХ.М.МАДЕМИНОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 - мартта жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6  метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+20...+25, Талас:+19...+24, Ысык – Көл:+11...+16, Ош, Жалал – Абад:+21...+26, Баткен:+22...+27 градус жылуу болот. Нарын:+9...+14 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 17 - мартта  жаан жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6  метрге чейин жетет. Абанын температурасы +23…+25 градуска чейин жылыйт.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 102

Окшош жаңылыктар