Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков монгол парламентинин төрагасы менен жолукту

14-10-2016
18:28

Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарында өтүп жаткан “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу - 2016-жыл” форумуна катышып жатып, Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын (парламент) Төрагасы Миегомбо Энкхболд баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланышты жакшыртуу маселелерине токтолушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык алакаларды арттыруу зарылчылыгын белгилешти.

Төрага Чыныбай Турсунбеков Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын тажрыйбасы кыргыз парламенти үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп: "Жогорку Кеңеш сиздер менен тыгыз кызматташууга кызыктар. Себеби, парламенттик демократияга багытталган жаңыланууда Монголиянын тажрыйбасынан пайдалануу биз үчүн өтө зарыл", - деди.

Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы алакаларды күчөтүү керектигин билдирген Төрага маданият, билим берүү тармактарындагы байланыштарды кеңейтүү аркылуу достук мамилени чыңдоого болорун баса белгиледи.

Өз кезегинде монгол делегациясынын башчысы Төрага Миегомбо Энкхболд Кыргызстан менен айыл-чарба жана кен иштетүү тармактарында кызматташуу жемиштүү болорун белгилеп, жакынкы аралыкта Монголия парламентинин депутаттарынан турган делегация Кыргызстанга келерин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Осмонбек Артыкбаев  (КСДП фракциясы) жана Аида Исмаилова ("Республика — Ата Журт" фракциясы) бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы