Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.02.20.

24-02-2020
09:18

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүн, 24 – февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2020-жылга карата иш-планы жана тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндөгү” маалымат угулат. Ошондой эле Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Биоотун жөнүндөгү” мыйзам долбоору 2 - окууда каралат. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак- аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев баяндама жасайт.

Мамлекеттик үлүшү бар 52 акционердик коомдордун азыркы тапта дээрлик 22синин рентабелдүүлүгү жок. Мындай сынды депутат Улукбек Ормонов парламенттин олтурумунда айтып чыкты.

                       СНХ.У.ОРМОНОВ

Бишкек шаарында мектептер менен балдар бакчасындагы саясатты жүргүзүү иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин колунда болбосо, коррупциялык элементтерди жоюу кыйынга турарын белгилеген депутат Кенжебек Бокоев, - “  Президент – 6, Жогорку Кеңеш депутаттары – 5 жылга шайланып жатса, 20 жылдап, бир орундан жылбаган мектеп директорлорунун жылуу орундан козголгусу келбегендигин качанкыга чейин көз жаздымда калтырабыз?” – дейт.              

                    СНХ.К.БОКОЕВ

Тажикстандан, коңшу Өзбекстандан келип иштеп жаткан жалданма жумушчулар көбүн эсе визасыз, патентсиз иштеп жаткан учурлар бар. Андыктан, бул шартты тартипке салууда салык кызматтарынан патент алсын, - деген эреже киргизилип жатат. Бул тууралуу тармактык комитеттин төрагасы Исхак Пирматовдун түшүндүрмөсү.   

                    СНХ.И.ПИРМАТОВ

Эмгек мигранттарына патент берүү шарттары кандай болоруна кызыккан депутат Айнура Осмонова, - “Эгер алардын арасында күнүгө барып – келип иштей тургандары болсо, алар алган патент канча мөөнөткө жарактуу болот? – дейт.

                   СНХ.А.ОСМОНОВА

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24 - февралда Чүй, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад областтарында кар аралаш жамгыр жаайт. Нарын областынын кээ бир райондоруна жана бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9, Ысык-Көлдүн акваториясында жана тоолордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+6...+12, Талас, Ысык – Көл:+1...+6, Ош, Жалал – Абад, Баткен:+7...+12 градус жылуу болот. Нарын, бийик тоолуу райондордо -2...-7 градус суук болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 24 - февралда  жаан жаайт. Абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылыйт.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 01. 06.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 1-июндагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 31. 05.23.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30. 05.23.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет  бүгүн, 30-майдагы жыйынында “Элдик Курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...