Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«КР Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү

21-02-2020
17:36

Бүгүн, 21-февралда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу өткөрүлгөн коомдук угууда дарыгерлерге, мугалимдерге жана социалдык кызматкерлерге карата көрсөтүлүп жаткан айрым зордук-зомбулук аракеттери талкууга алынды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү Өкмөттүк мекемелердин, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.

Депутат Аида Исмаилова бул мыйзам долбоору бийлик өкүлүнө же мамлекеттик органдын кызматкерлерине кесиптик милдетин аткарып жаткан убакта кол салгандарга, ден соолугуна жеңил залал келтиргендерге карата жазаны күчөтүүгө багытталганын белгиледи. Тагыраагы, “Жоруктар жөнүндөгү” кодекстин 66-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толуктоо сунушталган: «3. Ушул берененин 1, 2-пункттарында каралган ушундай эле жосун бийлик өкүлүнө карата жана менчигинин формасына карабастан мекемелердин жана уюмдардын кызматкерине карата, алар тарабынан өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатканда, - II категориядагы айып пул түрүндөгү же болбосо эркиндигинен II категориядагы ажыратуу түрүндөгү жаза алып келет.».

Андыктан, мыйзамды демилгелеген депутат Аида Исмаилова парламенттик угуунун алкагында бардык тараптардын сунуш-пикирин угуу мерчемделген.

Отурумдун катышуучулары акыркы мезгилдери дарыгерлер, фармацевтер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда ар кандай зордук-зомбулукка кабылган жагдайлар арбын кездешип жатканына токтолушту. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2015-2019-жыл аралыгында медицина жана Тез жардам кызматынын кызматкерлерине карата кырктан ашуун зомбулук аракети жасалган. “Анын ичинен 25 окуя Тез жардам кызматкерлерине карата орун алган. Бирок, бир дагы күнөөлү жазаланган эмес”, – деди Медициналык тез жардам борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов.

Мындан тышкары, талкуу учурунда дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлердин абалына кам көрүү маселеси да көтөрүлүп, алардын айлык маянасын жогорулатуу менен турмуш-жагдайын оңдоо зарылчылыгы айтылды.    

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы