Мектептердеги окуучулардын ата-энерлеринен кошумча каражат жыйноонун мыйзамдуулугу канчалык?

17-02-2020 17:38

Бул суроону Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 17 - февралдагы жыйынынын кароосуна алып чыккан депутат Кенжебек Бокоев, - “Тиешелүү министрликтин буйругуна таянсак, мектептерде акча жыйноого жол берилбейт. Айылдагы мектептерде каражат каатчылыгы байкалбай эле иш оңунан кетип жатат. Анда шаар жергесиндеги мектептердин иштөө ыкмасын деле иреттеп алса болот”, - дейт.                                

Бишкек сыяктуу ири шаарлардагы мектептерге баласын киргизе турган ата – эне 10 миң сомдон 1миң долларга чейинки бир жолку мүчөлүк акыны санап бергенге арагсыз. Мындай нерсе жеке менин башыма туш келгенин көрүп, карапайым калктын абалын ойдодум. Биз каякка баратабыз? – дейт эл өкүлү.

Ошондой эле Бишкек шаарында мектептер менен балдар бакчасындагы саясатты жүргүзүү иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин колунда болбосо, коррупциялык элементтерди жоюу кыйынга турарын белгилеген парламентарий, - "Президент – 6, Жогорку Кеңеш депутаттары – 5 жылга шайланып жатса, 20 жылдап, бир орундан жылбаган мектеп директорлорунун догурунуусун качанкыга чейин көз жаздымда калтырабыз?” – дейт. 

Тармактык комитеттин төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекова райондук билим берүү башкармалыктарынын 20 – 25 жыл ээлеп алган жеке басар жетекчилеринин да кызмат ордун карап, ратоциялоо зарылчылыктарына токтолду. 

Республика боюнча 389 мектептин 125и атайын эсеп ачууну суранышууда. Анда камкордук кеңештеринин ыктыярдуу каражаттары белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат. Мисалы, мектеп чатырын оңдоого, же компьютердик жабдыктарды сатып алууга жана башка муктаждыктарга бөлүштүрүлөт. Бул иштердин бардыгы “Ачык бюджет” долбоорунда таасын көрсөтүлгөн, - дейт КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ушул эле комитеттин олтурумунда.      

Талкуу жыйынтыгында маселе көтөргөн депутат К.Бокоев, - ата – энелердин каражатысыз көйгөйүнөн арыла албайт деген мектептердин жетекчилерин, министрликтин өкүлдөрүн, ата – энелердин катышуусунда парламенттик угуу өткөрүүнү март айынын акырына пландоону сунуштады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 694

Окшош жаңылыктар