ЖАҢЫЛЫКТАР 17.02.20.

17-02-2020 11:11

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды. Визиттин алкагында Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, Аш-Шура Мажлисинин Төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш-Шейх жана Курчаган чөйрө, суу жана айыл чарба министри Абдулрахман А. Альфадли менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.. 

Бүгүн, 17 – февралдагы олтурумунда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Китепкана иши жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда талкууланат. “Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” парламент токтомунун аткарылыш боюнча маалымат угулат.

Жер-жерлерде жарандар жапырт катоого тургузулуп жатканы тууралуу маселе көтөргөн депутат Кенежебек Бокоев, - “Мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек”, - дейт.

                         СНХ.К.БОКОЕВ

“Экология көйгөйүн жараткан багыттын бири үйлөрдүн от жагуу менен жылытылышы. Абанын тазаланышы үчүн борбор калаанын чеке – белиндеги конуштарды газдаштыруу чаралары башталган. Бирок, иш процесси жай жүрүүдө. Себеби, үйгө газ киргизүү кызматынын кымбаттыгы”, – деди депутат Айнура Аскарова.

                         СНХ.А.АСКАРОВА

Былтыркы жылы жалпысынан 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын өздөрү кыйганы кабырга кайыштырат. Кайтыш болгондордун басымдуу бөлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн үй – бүлөлөрдүн балдары экендигин депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.

                         СНХ.П.ТУЛЕНДЫБАЕВ

Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Президенттин жарлыгы чыккандыгын айткан депутат Бакирдин Субанбеков, - “Кыргызстандан согушка 365 миңден ашуун адам катышып, алардын жүз миңдейи набыт болушкан. Андыктан, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, аталардын, апалардын эрдиги татыктуу эскерилиши керек” ,– дейт.

                        СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17 - февралда  өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ойдуң жерлерди туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Тоолуу аймактарда кар күртүсү орун алат. Абанын температурасы Чүй, Талас: +1...+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад: 4...9 градус жылуу болот. Ысык-Көл: -2...+3 градуска чейин жылыйт. Нарын: -1...-6, бийик тоолуу аймактарда -6...-11 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17 – февралда  жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +4...+6 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 105

Окшош жаңылыктар