ЖАҢЫЛЫКТАР 14.02.20.

14-02-2020 08:51

Төрага Дастанбек Жумабеков Кытай элин эле эмес, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган короновирус дарты жылдын жагымсыз окуясы болгондугун айтып, андан жабыр тартып, бир топ жарандарын жоготуп алган Кытай мамлекетинин парламенти менен элине көңүл айтты.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Депутат Жанарбек Акаев, - “Шайлоонун “шайтан оюндары” башталып, элдин паспортторун жыйнап алган көрүнүштөр көбөйө баштаптыр. Анын айынан жөлөкпулдарын ала албаган, насыялары менен эсептеше албаган жарандарыбыздын аргасы кетүүдө”, - дейт парламенттин кечээки жыйынында.

                         СНХ.Ж.АКАЕВ

Кыргыздын жети дубаны болгону жакшы бирок, диалектикалык сөздөрдүн чар – жайыт колдонулганы улуттук тилге көлөкө түшүрөт. Бул жагын эске алып, адабий тилдин чегин кармай билсек, - деген элдин суранычы менен депутат Сайдулла Нышанов тааныштырды.

                         СНХ.С.НЫШАНОВ

“Жайкы олимпиадага катышуу үчүн кыргыз спортчулары кур дегенде 21 лицензия алууну максат кылышкан. Азырынча колго тийгени 5 лицензия болду. Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын намысын коргой турган жаштарыбыздын чет өлкөлөрдө өтүп жаткан лицензиялык мелдештерге катыша албай жатышы өтө өкүнүчтүү. Өкмөт тезинен каржы таап, спортчуларыбыздын эл аралык мелдештерге үзгүлтүксүз катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек”, - дейт депутат Таалайбек Масабиров.

                        СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Эртең, 15-февраль – рак илдетине чалдыккан балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Анын алкагында  Ош шаарындагы Рамазан спорт комплексинде аялдар арасында волейбол боюнча "Өмүр үчүн күрөш!" девизи астында кайрымдуулук чемпионаты өтөт. Иш-чаранын максаты - рак менен күрөшүп жаткан 12 жаштагы Айжамал Темирбековага Индиядан операция жасоо үчүн акча каражатын чогултуу болуп саналат. Мелдешти Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Борбордук Азиянын Аялдар лигасы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Асел Атабекова жана Гүлназ Исаева менен биргеликте уюштурушууда.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14 - февралда Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+5...+10, Талас:+4...+9, Ысык - Көл:+1...+6, Баткен:+7...+12, Ош, Жалал-Абад:+6...+11 градус жылуу болот.  Нарын: -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 14 - февралда  жаан-чачын болбогону менен туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылыйт.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 48

Окшош жаңылыктар