БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова: «Биз жаңыдан катоого турган жарандарга талдоо жүргүзүп , ошого жараша чараларды көрүү чечимине келдик»

13-02-2020 16:20

Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик катоо кызматы менен бирге жумушчу чогулуш өткөрдү. Анда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандарды жапырт катоолор жүрүп жатканы жөнүндө маселе талкууланып, жыйынтыгында ал багытта тийиштүү чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын башчысы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Мамкатоо кызматынын маалыматына караганда, калк жыш жайгашкан көп жерлерде, айрыкча Ош, Токмок, Балыкчы, Токмок, Каракол шаарларында жарандарды жеринде каттоонун кескин өсүү белгилери байкалган. Биз жаңыдан туруктуу каттоого турган жарандарды категорияларга бөлүү менен талдап чыгып, ошого жараша тийиштүү чараларды көрүү чечимине келдик. Ошондо шайлоочулардын тизмесине киргизилген адамдардын саны так аныкталат», - деди БШК башчысы.

Ал президенттик шайлоодон кийинки эки жыл аралыгында шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөнүн белгиледи. «Быйыл өлкөнүн жалпы калкын каттоо өнөктүгү өтөт. Анан парламенттик шайлоо дагы өтүүгө тийиш. Ошондуктан, шайлоочулардын так тизмесин түзүү зарыл. Биз бир батирде же үйдө канча адамга чейин каттоого турса болот деген суроого жооп издедик. Көрсөт, мыйзамдарда андай чектөө жок экен», - деп кошумчалады Нуржан Шайлдабекова.

Депутат Мирлан Бакиров биометрикалык паспорт алган адамдар жашаган жеринде катталбаса, шайлоочулардын тиземсине киргизилбей турганын эске салды. «Биометрикалык паспорту бар жарандар өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен таппай калып, ар кандай талаш-тартыштардын жаралышы мүмкүн. Ошондуктан, азыртан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек», - деди ал.

Депутат Дастан Бекешев шайлоого 6 ай калганда каттоого турган адамдарды шайлоочулардын тиземесине киргизбөө сунушун киргизди. Мындай сунушту Жанар Акаев дагы колдоп, үйүнө өздөрүнө тиешеси жок адамдарды каттап алган жарандарга карата да тийиштүү чараларды көрүү зарылчылыгын белгиледи. «Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн мөөнөтүн ары жылдырып, ага чейин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү керек», - деп кошумчалады ал.

Ал эми депутат Канатбек Исаев каттоодо турбаган адамдарды шайлоо тизмесине киргизүү жосуну 2016-жылдагы парламенттик шайлоодо да орун алганын, ушундай кесепетинен ал азыр дагы кайталанып жатканын айтты. «Токмок шаарында ошондой окуя болгон. Биз ал тууралуу БШКга билдиргенбиз, бирок анын жетекчилиги мындай мыйзамсыз шайлоочуларга каршы чечкиндүү чараларды көргөн жок. Эгер ошондо тийиштүү чаралар көрүлсө, мындай жосундар азыр кайталанмак эмес», - деди ал.

Белгилей кетсек, парламент жыйында депутаттар Кенжебек Бокоев менен Жанар Акаев жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнүн алдында жер-жерлерде жарандар жапырт катоого тургузулуп жатканы жөнүндө маселе көтөрүп, тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматын угуу сунушун киргизген. Депутаттардын пикиринде, мындай жосундарга каршы кескин чараларды көрүп, шайлоочулардын өз өкүлдөрүн эркин тандап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 3229

Окшош жаңылыктар