Кыргызстан менен Монголия аскер тармагындагы өз ара тыгыз кызматташтык мамилеллерди түзүүгө кызыкдар

13-02-2020 14:07

Жогорку Кеңеште КР Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы аскер тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашуу Кыргызстан менен Монголиянын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда эки тараптуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында даярдалган жана кол коюлган.

Эки тараптуу макулдашуу төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну камтыйт:

  1. Аскедик-техникалык кызматташуу.
  2. Аскердик өнөр-жай.
  3. Аскердик билим жана технология.
  4. Тынчтыкты сактоо иш-аракети.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1251

Окшош жаңылыктар