Үрөн, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини боюнча мыйзамдар Бузуулар кодексине шайкеш келтирилүүдө

13-02-2020 11:43

Жогорку Кеңеш жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына (“Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, долбоор аркылуу КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, “Үрөн жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө”, “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдарга бузуулар жөнүндө протокол түзүү жана тиешелүү бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Тагыраак айтканда, “Үрөн жөнүндө” мыйзамдын 12-беренесиндеги «административдик укук бузуулар» деген сөз айкашы «бузуулар жөнүндө» деген сөз айкашына алмаштыруу, “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” мыйзамдын 11-23-беренелерин күчүн жоготту деп таануу, 22-беренесин жаӊы редакцияда жазуу жана “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин 3-пунктун жаӊы редакцияда жазуу сунушталган.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1198

Окшош жаңылыктар