Депутат Сайдулла Нышанов: «Азыркы адабий тилдин колдонулушуна байланыштуу көйгөйдү мыйзам негизинде, мамлекеттик деңгээлде чечпесек болбой калды»

13-02-2020 11:20

Азыркы учурда Кыргызстандын жети аймагынын калкы ар башка диалектиде сүйлөйт. Алтургай, адабий тилде жарытылуу учураша албай калдык. Мага улуттук адабий тилибиздин азыркы абалына кабатыр болгон бир топ окумуштуулар бул багытта тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылышты. Биз коомдук жайларда таза адабий тилде сүйлөшүбүз керек. Ал эми кыргыз тилинин диалектилеринде өз үйүбүздө пикир алыша берсек болот. Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ушу тапта радио менен телеканалдардын алып баруучулары да кыргыз тилинин ар башка диалектилеринде, алтургай говорлорунда сүйлөп жатат. Ушу кантип болсун, тилдин дагы өз мыйзамы бар да. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Кыргыз тилин кор кылбай, биз баардык жерде, анын ичинде Жогорку Кеңеште адабий тилдин ченеминде бир кылка сүйлөшүүбүз абзел. Азыркы адабий тилдин колдонулушуна байланыштуу көйгөйдү мыйзам негизинде, мамлекеттик деңгээлде чечпесек болбой калды», - деп кошумчалады депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1197

Окшош жаңылыктар