Депутат Бакирдин Субанбеков: “Өкмөт көп мамлекеттердин башын кошкон Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш майрамын белгилөөгө жакшы даярдык көрүшү керек”

13-02-2020 10:38

2019-жылдын 14-мартында Улуу Ата-Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккан. Аталган жарлыкта бир тууган Совет элинин фронттогу жана тылдагы эрдигин даңазалоо багытында тиешелүү иштерди жүргүзүү максаты коюлган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков билдирди.

“Кыргызстандан согушка 365 миңден ашуун адам катышып, алардын жүз миңдейи набыт болушкан. Ленинград блокадасында, Москванын коргоодо, Сталинграддагы кайнаган уруштарда жана башка согуш талааларында биздин ата-бабаларыбыз эрдиктерди көрсөтүшкөн. Андыктан, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, аталардын, апалардын эрдиги татыктуу эскерилиши керек” ,– деди Бакирдин Субанбеков

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 282

Окшош жаңылыктар