ЖАҢЫЛЫКТАР 13.02.20.

13-02-2020 08:47

Бүгүн, 13 – февралдагы олтурумун Жогорку Кеңеш  “Ар кыл маселелер” саатынан баштап, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карайт. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да бар.  Алардын катарында Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы илим, медицина, бийик тоолуу шарттагы көйгөйлөрдү иликтеп чечүү жолдорун жандандыруучу мыйзам долбоору турат.  Анын алкагында адам баласынын бийик тоолуу шартта жашоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алар боюнча атайын усулдар иштелип чыгат. Келишимдик чектеринде сарпталуучу каражаттар тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев буларды белгиледи.

                            СНХ.М.КАРАТАЕВ

Депутат Абдимажит Юсуров Казакстандагы улуттар аралык мамилелерге кайрылып, кырдаалдын акырындап жөнгө салынып жаткандыгына токтолду. Ошондой эле фейктердин маалыматтарына көңүл бурбоого чакырып, бул багытта иштей турган катуу мыйзам керектигин белгиледи.

                            СНХ.А.ЮСУРОВ

Евразиялык экономикалык биримдиктин чектериндеги ченемди колдонуп, маркировкалаган товар жүгүртүүлөр ишке ашат. 1- марттан тарта бул тартип катуулайт. Биздеги даярдык кандай? – дейт депутат Бакыт Төрөбаев.

                            СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Бактыбек Турусбеков демилгелеп жаткан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр элет элинин медициналык кызматтарга жеңил жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

                            СНХ.Б.ТУРУСБЕКОВ

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13 - февралда  көпчүлүк аймактарда мезгил – мезгили кар жаайт.  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад областтарынын кээ бир райондорунда жана Ысык – Көл областынын чыгыш тарабында нөшөрлөп жамгыр жаайт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Кар күрткү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, Ысык – Көлдүн акваториясында 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-2...+3, Талас:-3...+2 градуска чейин жылыйт. Ысык - Көл:+2...+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+4...+9 градус жылуу болот.  Нарын: -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 13 - февралда  мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0…+2 градус жылуу.

 

Көрүүлөрдүн саны : 51

Окшош жаңылыктар