Өкмөт баардык ташуучуларга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алууда

12-02-2020 10:47

Жогорку Кеңеште милдеттүү камсыздандыруу жүрүмүн кайра ыраатташтырууга багытталган «Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

Финкөзөмөл кызматынын өкүлү Мыктыбек Абировдун айтымында, мыйзам долбоору ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин ыраатташтырууга багытталганын билдирди. «Буга чейин камсыздандыруу компаниялары өздөрү бекиткен эрежелер менен иштеп келген. Эми Өкмөт баарына бирдей эрежени бекитүү милдетин өзүнө алууда. Баарыга бирдиктүү эреже бекитилген соң, мыйзамга камсыздандыруу компаниялары келишим түзүүдөн баш тарта албагыдай ченем киргизилет», - деди ал.

Ошондон улам, бул мыйзам долбоору аркылуу “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр сунушталууда.

Депутаттар кооптуу жүктөр менен жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга кандай шарттар коюларына, жүргүнчүлөрдү ташыган автомашина авария болсо, андан жабыр тарткан жүргүнчүлөр эмне болоруна кызыгышты.

Финкөзөмөл кызматынын өкүлү алар лицензия менен иштей турганын эске салып, жүрүгүнчүлөрдү ташыгандар камсыздандыруусу болгондо гана Транспорт министрлигинен лицензия аларын, ал эми күйүүчү май ташыгандар ИИМден белгилүү бир каттамдар боюнча атайын урусат алышарын билдирди. Мыйзам долбоору кабыл алынса, камсыздандыруусу жок кооптуу жүк ташуучуларга уруксат берилбейт.

Ал эми Жол коопсуздугу башкармалыгынын өкүлү ташуучуну камсыздандырган компания медициналык экспертизинын негизинде жүргүнчүгө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө тийиш экенин билдирди.

Бир катар депутаттар күйүүчү май сындуу кооптуу жүк ташыган автомашиналар жол кырсыгына көп кабылып, экологияга зыян келтирип жатканын эске салып, алардын жоопкерчилигин да мыйзамга кошо камтуу керек экенин, азыркы учурдагы ар түрдүү камсыздандыруу полистеринин баарын бир бирдиктүү полиске бириктирүү зарылдыгын айтышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1 мамлекеттик, 16 жеке менчик камсыздандыруу компания бар. Алардын ишине Финкөзөмөл кызматы тарабынан көзөмөл кылынат. Эгерде алар эреже бузса, айыппул салынат же лицензиясы кайра чакыртып алынат. Кыргызстандын камсыздандыруу полистери башка өлкөүн аймагында жараксыз болгондуктан колдонулбайт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 851

Окшош жаңылыктар