ЖАҢЫЛЫКТАР 12.02.20.

12-02-2020 08:40

Бүгүн, 12 – февралдагы жыйынында  Жогорку Кеңеш “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндөгү” мыйзамдын 2-беренесинин бешинчи абзацын расмий чечмелөө тууралуу” мыйзамдын долбоору депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленүүдө. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 26-апрелиндеги токтомуна өзгөртүүлөр да каралат.

Күйүүчү майлардын эң арзаны Россияда сатылат. Бизге келип жаткан күйүүчү майлардан бажы алымдары алынбаса деле, эмнеге дагы деле кымбат? Мындай суроого жоопту депутат Абылкайыр Узакбаев талап кылды.

                         СНХ.А.УЗАКБАЕВ

Германиядагы жашыл экономика жумалыгына барып, андагы атамекендик кара өрүктөрдү көрүп, органикалык азыктарыбызга алыскы мамлекеттерде суроо – талап өсүп жаткандыгына кубандым, - дейт депутат Нурбек Алимбеков “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                          СНХ.Н.АЛИМБЕКОВ

Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Демилге депутаттар Динара Исаева менен Исхак Пирматовго таандык. Мыйзам маанисинде эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк жоголуп кетсе, аны калыбына келтирүүдөгү убаракерчиликтер жоюлат.

                         СНХ.И.ПИРМАТОВ

Жаңы төрөлгөн ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүүдө, энесинин паспорту жок болуп калган учурда кандай болот? Бул көрүнүш бала сатуу кылмышындагы чоң суроого айланды, - дейт депутат Альфия Самигуллина.

                         СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Үй – бүлөлүк зордук - зомбулукка кабылган көрүнүштөрдү жоюу шартында туугандар ортосундагы өз ара келишип алуу менен каражат алып, ооз жабуу жарабайт. Андан көрө ошол каражат - жабырлануучунун жеке эсебине которулушу керек. Бул жерде адам тагдыры турат, - дейт депутат Каныбек Иманалиев.

                        СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 12 - февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдорго муз тоңот, тоолуу аймактарда кар күрткүсү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+4...+9, Талас:+3...+8, Ысык - Көл:+1...+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+6...+11 градус жылуу болот.  Нарын: -2…-7, бийик тоолуу райондордо: -4…-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 12 - февралда  жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5…+7 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 52

Окшош жаңылыктар