ЖАҢЫЛЫКТАР 11.02.20.

11-02-2020 08:24

Бүгүн, 11 – февралдагы олтурумунда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн экинчи окууда карайт. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Электр энергетикасы жөнүндөгү” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу маселе  да тармактык комитеттин күн тартибине коюлган.

Ушул эле 11-февраль күнү  Жогорку Кеӊеште Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отуруму өтөт.

Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы аба каттамдарынын калыпка салынбагандыгы качанга созулат? Мындай суроого жооп күткөн депутат Динара Исаева медициналык туризм, миграциялык агым арбып жатканда бул зарылчылык, - деди.

                        СНХ.Д.ИСАЕВА

Депутат Кубанычбек Жумалиев, - “Кыргыз – Кытай аба мейкиндиги акыркы чыккан коронавирустун айынан жабылган чек ара байланышы 2 – 3 айга чейин ачылса, экономикалык кризиске кептелбейбизби?” – деген суроону коюп, Өкмөттүн стабилдүүлүктү камсыздоочу фонду бар – жогун тактады.

                       СНХ.К.ЖУМАЛИЕВ

Жугуштуу оорулар ооруканасынын 400 оруну да азыркы тапта жетишсиздик кылып, сыркоолуулар сыртта жатып калган учурлар бар. Акыркы мезгилде Түштүк Кореянын 100 орундуу кошумча жаңы имарат куруп берүүү тууралуу сунушу ишке ашмак. Бирок, дагы деле дайынсыз, - дейт депутат Мирлан Бакиров.

                       СНХ.М.БАКИРОВ

Финляндиянын инвесторлору келип суу сактагыч куруп берүү ниетин билдирген. Андагы сууну дыйкандар гана акысыз колдоно алышат, - дейт депутат Абылкайыр Узакбаев.

                       СНХ.А.УЗАКБАЕВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 11 - февралда   Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад областтарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо жаан жаап, карга айланат. Кар күрткү орун алат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, кээ бир учурда 17 - 22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-1...+4, Талас:-2...+3 граудска чейин жылыйт. Ысык - Көл:0...+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+2...+7 градус жылуу болот.  Нарын: -5…-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 11 - февралда  мезгил – мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +2…+4 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 50

Окшош жаңылыктар