ЖАҢЫЛЫКТАР 10.02.20.

10-02-2020 09:12

Бүгүн, 10 – февралдагы Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин олтурумунда алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат.  “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да  депутаттар Д.Бекешев, Б.  Турусбеков тарабынан демилгеленүүдө. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 22-майындагы буйругу менен бекитилген “Кыргыз  Республикасында вирустук гепатиттер оорусуна 2017-2022-жылдарга карата каршы күрөшүү стратегиясы” боюнча программанын ишке ашырылышын изилдөө маселеси боюнча тармактык комитеттин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыгы тааныштырылат.

Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси, БУУӨП жана Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцариянын башкармалыгынын “Жарандардын активдүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия” долбоорлорунун көмөгү менен бүгүн, 10 – февралда Ош шаарында “Кыргыз Республикасында бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү” темасында парламенттик угуу өткөрүлөт. Иш чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен областтары менен Ош шаарынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышат.

“Парламенттин тармактык комитети өткөн жылы бир топ тоо - кен компанияларынын иши менен таанышып чыккан. Көрсө, алар социалдык багытка ири өлчөмдө каражат бөлөт экен” – деген депутат Кожобек Рыспаев, - “ Рекультивациялык фонддун каражаттары кыймылсыз жата бербей, өлкө экономикасын көтөрүүгө жумшалышы керек”, - дейт.

                  СНХ.К.РЫСПАЕВ

Элди бушайманга салбай медициналык беткаптарды колдонуунун ыкмаларын түшүндүрүп, алардын баасын так маалымдабаса болбой калды. Бул жатта Өкмөт кандай жарытымдуу иштерди алып барып жатат? Мындай суроолордун учугун чубаган депутат Дастан Бекешев болду.

                  СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Мындан 3 – 4 жыл мурда ишеним кат аркылуу автоунаа сатып алган жарандардын жагымсыз жагдайларга туштугуп жаткандыгын депутат Азизбек Турсунбаев билдирип, - бул жаатта курулай каражат өндүрүүгө жол берилбесе, - дейт.

                 СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

Жогорку Кеңеш жыйындарында айтылган иштердин дээрлик 90%ы Өкмөт Аппаратынын жумуштарына кирет. Бирок, ага карабай кайра – кайра кайталанып айтылып жатканы – бул Өкмөт аппаратынын уктап жаткандыгы, - деп сыпаттаган депутат Төрөбай Зулпукаров болду.

                 СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10 - февралда   жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+9...+14, Ысык - Көл:+3...+8, Баткен:+7...12, Ош, Жалал-Абад:+10...+15  градус жылуу болот.  Нарын: -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10 - февралда  мезгил – мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +11…+13 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 164

Окшош жаңылыктар