ЖАҢЫЛЫКТАР 07.02.20.

07-02-2020 08:21

Бүгүн, 7 – февралдагы жыйынында  “Ата Мекен” фракциясы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын ишке ашырылышын карайт. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова чакырылды. Ошондой эле “Манас” эпос жөнүндөгү” мыйзамдын ишке ашырылышы тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов баяндама жасайт.

“Азыр кимдир бирөөгө анча-мынча акча төлөсөң, каалаган адам жөнүндө толук маалыматты дароо чыгарып берип жатат. Мен буга өзүм күбө болдум”, - деген депутат Марлен Маматалиев жарандардын жеке маалыматы мыйзам аркылуу корголушун Өкмөттөн талап кылды.

                            СНХ.М.МАМАТАЛИЕВ

20 күндөн бери кыргыз - казак чек арасынан өтө албай турган атамекендик жүк ташуучу автомашиналар кечээтен тарта чек арадан кайра өткөрүлө баштады. Бирок, тилекке каршы дале болсо алдыда дагы бир чоң тобокелчилик турат. Андыктан, Өкмөт аны азыртан чечүү жолдорун ойлонушу зарыл, - дейт депутат Бакыт Төрөбаев

                            СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Депутат Алмасбек Акматов, - “Мамэкотехинспекция эң ири делген 12 мамлекеттик органдын ишин көзөмөлдөйт. Анын ичинде экология, базар, курулуш тармактары бар. Андагы коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн Өкмөт тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш”, - дейт.

                           СНХ.А.АКМАТОВ

Депутат Карамат Орозова, - “Чек арадагы жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей жаткандыктан, 15-20 жылдан берүү кезек күткөндөр арбын”, - дейт Өкмөткө жазылган каттан кабар жоктугун айтып.

                          СНХ.К.ОРОЗОВА  

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 7 - февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:+9...+14, Талас:+8...+13, Ысык - Көл:+3...+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+10...+15 градус жылуу болот.  Нарын: -5…-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 7 - февралда  жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +12…+14 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 46

Окшош жаңылыктар