ЖАҢЫЛЫКТАР 06.02.20.

06-02-2020 08:27

Бүгүн, 6 – февралдагы Жогорку Кеңеш олтуруму адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат. “Жарандык коргонуу жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору да экинчи окууда талкууланмакчы. Ошондой эле бир топ ратификациялык мыйзам долбоорлору да бар.

Жогорку Кеңеш кечээки  жыйынында вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлигин жактырды. Эркин Асрандиев Кыргыз - Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген адис болгон соң, талкууда ушул багыттагы суроолор көп жолдонду. Депутат Акылбек Жапаров, - “Фискалдык иштерди илгерилетип, Кытай, Казакстан менен болгон чек арадагы товар айланууларды иретке салуу, баалуу кагаздар менен иштөөнү тартиптештирүү зарыл. Бул парламент токтомунда белгиленүүчү пункттар”, - дейт.

                 СНХ.А.ЖАПАРОВ

Кыргызстандын тышкы карыздары менен эсептешүүдө экономика тармагын тейлеген вице – премьер – министрдин жоопкерчилиги жогору. Бул жагынан кандай жылыштар болоруна депутат Өмүрбек Бакиров кызыкты.

                СНХ.Ө.БАКИРОВ

Орточо айлык акылардын деле алымсындырбастыгын айткан депутат Умбеталы Кыдыралиев, - “Катталган жумушсуздардын эсеби 300 миңден ашып олтурганда, иш орундарын түзүүнү тездетип, Чыгыш – Азия мамлекеттеринен үлгү алышыбыз керек. Тышкы экономиканын таасиринен баары бир тайсалдап кете албайбыз”, - дейт.

                СНХ.У.КЫДЫРАЛИЕВ

Депутат Мирлан Жеенчороев, - “Кыргыз – орус фондусунан алына турган 500 млн. долларлык каражат кандай себептерден улам зарылчылык жаратпай калды?” – деген суроого жооп күттү.

               СНХ.М.ЖЕЕНЧОРОЕВ

              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 6 - февралда  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын областтарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:+4...+9, Ысык - Көл: +2...+7, Талас:+3...+8, Баткен:+7...12, Ош, Жалал-Абад:+6...+11  градус жылуу болот.  Нарын: -4…-9 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 6 - февралда  кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +6…+8 градуска чейин жылыйт.

 

Көрүүлөрдүн саны : 65

Окшош жаңылыктар