ЖАҢЫЛЫКТАР 05.02.20.

05-02-2020 08:36

Төрага Дастанбек Жумабеков кечээ, 4 - февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Анда Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, байланыштарды арттырууга тоскоолдук жараткан айрым көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.

Бүгүн, 5 – февралдагы олтурумунда Жогорку Кеңеш февраль айынын календарлык планын бекитет. Ошондой эле “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору биринчи окууга чыгат. “Китепкана иши жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун концепциясы да талданат. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүнүн макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна да көңүл бурулат.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндөгү конвенцияга жана анын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Жалпы эле аэропорт бул дүйнөлүк менеджмент, - деген депутат Каныбек Иманалиев, - “Кыргызстанда кеминде 3 эл аралык аэропорт болушу зарыл. Бул өнүгүүнүн өзгөчөлүгү катары каралат”, - дейт.

                          СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

“ВСП+ долбоорунун алкагында жергиликтүү айыл чарба азыктары кайсыл мамлекеттерге экспорттолуп жатканы такталбаганы кызык. Бирок, бизде маалыматтар бар”,- дейт депутат Айнура Осмонова КСДП фракциясынын жыйынында.

                        СНХ.А.ОСМОНОВА

“Мал чарбачылыгына келгенде кыркылган жүндү иштетип чыгуу чаралары жеткиликтүү каралган эмес. Өткөн жылы кабыл алынган жүндүн килограммы 5 доллар болсо, быйыл 2 долларга түшкөнү эмнеси?” – деген суроону депутат Иса Өмүркулов айыл чарба министрлигине жолдоду.

                        СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө балык жоголуп бара жатканын айткан депутат Жыргалбек Турускулов, - “Аткаруу бийлиги бул көлдөрдө балык чарбасын өнүктүрүп, балыктын санын көбөйтүүнү колго албай келет”, - деп сынга алды.

                       СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 5 - февралда кар жаабайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+5...+10, Талас:+4...+9, Ысык - Көл:+1...+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+6...+11  градус жылуу болот.  Нарын: -7…-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 5 - февралда  жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылыйт.

 

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 67

Окшош жаңылыктар