ЖАҢЫЛЫКТАР 04.02.20.

04-02-2020 08:25

Бүгүн, 4 – февралда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет КРнын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндөгү макулдашуунун өзгөртүүлөрүн карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын  Бузуулар жөнүндөгү кодексине   өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууга чыгат. “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык - уруксат берүү тутуму жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр дагы талданмакчы.

Айыл чарба министрлигинин жетекчилигин өнүмдөрдү импорттоочу жана экспорттоочу уюмдар менен тыгыз иш алып барууга чакырган депутат Аалы Карашев, - “Өндүрүлө элек, өндүрүлө турган айыл чарба өнүмдөрү боюнча да экспорттук келишимдер түзүлсө, иш илгерилемек, ал фьючерсдик келишим болуп калмак”, - деп сунуштады.

                       СНХ.А.КАРАШЕВ

Жогору түшүм алууга багытталган жаңгак плантацияларын түзүү, жергиликтүү базардын керектөөлөрүн камсыз кылуу, жаңгактарды кайра иштетүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана экологиялык жактан таза өндүрүмдү камсыз кылуу, өлкө калкынын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жаңгак көчөттөрүнүн генофондун сактап калуу максатында мыйзам долбоору даярдалды. Бул багытта депутат Мирлан Бакиров жаңгак плантацияларын түзүүдө биздин жер - шартыбыз, климат абдан ыңгайлуу экендигин айтып, бул иш колго алынса, айыл өкмөттөрү жакшы иш-аракеттерди кылса экономикага таасир этип, натыйжасын бере тургандыгын белгиледи.  

                      СНХ.М.БАКИРОВ

“Уникалдуу кыргыз жаңгагы” деген бренди иштеп чыгуу керектигин депутат Алмазбек Акматов сунуштады.

                      СНХ.А.АКМАТОВ

Депутат Асылбек Жээнбеков талкуудагы мыйзам долбоору эндемикалык жаңгактарга тиешеси жоктугуна токтолду.

                     СНХ.А.ЖЭЭНБЕКОВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 4 - февралда көпчүлүк региондордо жаан, Ысык – Көл, Нарын областтарында кар жаайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+2...+7, Ысык - Көл: 0...+5, Талас:+1...+6, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+3...+8  градус жылуу болот.  Нарын: -8…-13 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 4 - февралда  жаан аралаш кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 - 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5…+7 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 59

Окшош жаңылыктар