ЖАҢЫЛЫКТАР 03.02.20.

03-02-2020 09:14

Бүгүн, 3 – февралда Бюджет жана каржы комитети кезектеги олтурумунда Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын алдын-ала жыйынтыктарын карайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун  2019-жылга бюджетинин аткарылышынын алдын-ала жыйынтыктары да талданмакчы.  

КР Юстиция министрлиги тарабынан талкууга коюлган “КР жарандыгы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүндө жарандар бир мамлекеттин атуулдугун алса, экинчи мамлекеттеги андай укуктарынан кол жууру сунушталганы кандай, - дейт депутат Жанарбек Акаев.

                      СНХ.Ж.АКАЕВ

Бишкек, Ош жана башка шаарларда көп кабаттуу үйлөр салынып, архитектуралык ансамблдин жакшырып жатканы жакшы. Бирок, ошол курулуш компанияларынын арасында таза иштегени, күмөн жараткандары да жок эмес шекилдүү, - деген депутат Зиядин Жамалдинов аргументтүү далилдерге токтолду.

                       СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Өкмөттү Улуу Ата мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуштун жана ооруктун ардагерлерине сыйлыктарды, материалдык жардамдарды ыйгаруу маселелеринин үстүндө иш алып барууга депутат Тынчтык Шайназаров чакырды.

                      СНХ.Т.ШАЙНАЗАРОВ

2020-жылы кургакчылык болушу күтүлүп жаткандыгы айтылууда. Анда электр кубатын өндүрүүдө маселе жаралбайбы? – деди депутат Эрмамат Тагаев.

                      СНХ.Э.ТАГАЕВ

Депутат Руслан Чойбеков алтын кендеринде, өзгөчө уулуу заттар сакталган жайларда техникалык коопсуздук эрежелери катуу сакталып, көзөмөлгө алынышы керек, - дейт.

                     СНХ.Р.ЧОЙБЕКОВ

                 АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3 - февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда кар жаайт. Ысык- Көл, Нарын областтарында жаан – чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9, тоолуу райондордо 15 - 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:+6...+11, Ысык - Көл:+3...+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад:+8...+13  градус жылуу болот.  Нарын: -3…-8 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 3 - февралда  жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +9…+11 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 58

Окшош жаңылыктар