Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Бактыбек Райымкулов: «Жыл сайын каржылык отчет берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатат»

24-01-2020
16:50

Жогорку Кеңеште калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатуу, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкылуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Депутат Бактыбек Райымкулов коммерциялык эмес уюмдарды өздөрүнүн киреше-чыгашалары боюнча Салык кызматы менен Статистика комитетине отчет берип турууга, ал эми өз кызматчылары, алардын эмгек акылары туурасында маалымат берип турууга милдеттендирүү демилгесин сунуштоодо. Ал үчүн “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

«Коммерциялык эмес уюмдар ишмердүүлүгүн кайтарымсыз негизде берилген гранттык, бюджеттик, дагы башка акчалай каражаттардын эсебинен жүргүзгөндүктөн, алардын отчеттуулугу ачык жана түшүнүктүү болушу шарт. Ал аркылуу алар кандай иштерди жүргүзүп, кандай жыйынтыктарга жаратып жатканын көрүүгө болот. Жыл сайын каржылык отчет берүү тартиби калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатат, алардын ачык-айкылуулугун камсыз кылат», - деди демилгечи.

Андан тышкары, депутат “Эгемен Кыргызстан ачык-айкындуулук жолун тандап алганын, “Ачык өкмөт” эл аралык уюмдун мүчөсү экенин баса белгиледи. “Өлкөдө “Ачык маалымат” саясатын ишке ашырылууда. Ал калкыбыздын маалыматтарга ачык-айкын жетимдүүлүгүн камсыз кылат. Алтургай, аны ишке ашыруу жүрүмүнө коммерциялык эмес уюмдар менен эл аралык уюмдардын өздөрү да жигердүү катышып жатат”, - деп кошумчалады Бактыбек Райымкулов.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Азербайжан, Беларусь сындуу өлкөлөрдө коммерциялык эмес уюмдар гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчет беришет. Алтургай, мындай талап Европанын айрым өлкөлөрүндө да бар. Коммерциялык уюмдан айырмаланып, коммерциялык эмес уюмду түзүүдө саясий, социалдык, диний, билим берүүчүлүк, илимий, кайрымдуулук максаттар көздөлөт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы