Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 22.01.20.

22-01-2020
08:42

Бүгүн, 22 - январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн үчүнчү окууда карайт. “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү биринчи окууда талкууланат. Андан тышкары майыптыгы бар балдарга билим берүү темасына байланышкан маселе да күн тартибинде.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган атайын 14 мектеп бар. Аларды каржылоого эле жылына 300 млн. сомдон ашык каражат кетет. Анын ичинде мугалимдердин да айлык акылары камтылган. Бул тууралуу маалымат берген депутат Дастан Бекешев, - “Бирок, терс тенденция байкалууда. Анткени, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны жыл сайын 2 - 3 миң балага өсүп жатат. Бул өкүнүчтүү көрүнүш”, - дейт сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кайрылып.

                            СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Талкууда депутат Евгения Строкова, - “Баардык эле балдар кадимки мектептерде окуй алаарынан күмөн санабайм. Бирок, мындай балдарды окутууда мугалимге эле кыйын болот. Себеби, бул менин тажрыйбамда болгон көрүнүш. Ошондуктан, жөнөкөй мектептерде инклюзивдик билим берүүнү атайын класстарда уюштуруу керектир”, - деп сунуштады. 

                           СНХ. Е.СТРОКОВА

Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын  башталгыч класстарда окуп жаткан учурлары баа коюу аркылуу бааланбаса келечеги кандай болот? Аттестат алуу жагынан да суроолор жаралат, - деген соболду депутат Альфия Самигуллина демилгечиге жолдоду. 

                          СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Депутат Тазабек Икрамов аутизм дартынан жабыркаган балдардын тагдырына кайрылып, аларга колдоо көрсөтүү маселесин демилгелегендигин эске салды. Инклюзивдик билим берүүчү чакан мектептерди ордо калаадан тышкары ири шаарларга да уюштурсак, - деп сунуш берди.

                         СНХ.Т.ИКРАМОВ

Тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын так эсебин демилгечи депутаттан тактады. Кайтарылган жоопко караганда андай балдардын эсеби 29 миңди түзөт. 

                        СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Депутат Аида Исмаилова, - “Жакынкы күндөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Прогрессивдик жаштар кыймылы” анализ жыйынтыктары менен алдыдагы дүйшөмбү күнү тааныштыраарын кошумчалады. 

                      СНХ.А.ИСМАИЛОВА  

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22 – январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Ысык – Көл, Нарын областтарында 15 – 20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык – Көл: -3...+2 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад: +0…+5 градус жылуу болот. Нарын: -10...-15 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 22 - январда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4 – 9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0...+2 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...