Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 21.01.20.

21-01-2020
08:53

Бүгүн, 21 – январда Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 28-майындагы “Кыргызкөмүр МИсинин жана көмүр өнөр-жайынын 2018-жылга өндүрүштүк ишинин жыйынтыгы жана 2019-2020-жылдарга милдеттери жөнүндөгү чечимин Өкмөт тарабынан аткарылышы тармактык комитеттин олтурумунда каралат.

Ушул эле 21– январь күнү “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн талкуулаган парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул мыйзам долбоору менен КР Соода – өнөр – жай палатасы үчүн Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгү менен байланышкан бир катар жаңы милдеттер такталат. Ошондой эле СӨПтүн жетекчисин шайлоо тартибин өзгөртүү да сунушталат.

Бүгүн, 21-январда өтүүчү иш чаралардын дагы бири  Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын отуруму болмокчу.

Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары интернатты аяктаган соң көчөдө кароосуз калып жаткандыгы тынчсыздандырат. Алардын келечек тагдыры кандай болот? Бул тууралуу унчуга турган тарап табылабы? – деген суроону депутат Гүлшат Асылбаева Өкмөткө жолдоду.

                         СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Депутат Абдывахап Нурбаев “Парламент” радиосуна курган маегинде, - "Университеттер акционердик ыкмада иштесе жанычылдыкка умтулат", - дейт.

                        СНХ.А.НУРБАЕВ

Түнкүсүн калктуу конуш болбогон жерлердеги ири трассалардын боюнда унааларды токтууга болбойт деген жол кыймылынын эрежелерине түзөтүүлөр сунушталып жатыптыр. Бул элге ыңгайсыздык жаратат, - дейт депутат Дастан Бекешев.

                        СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Алмазбек Эргешов оң рулдуу авто унааларга жүргүнчү ташууга уруксат берүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин узартуу керектигин белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, бул мыйзам долбоорун Өкмөт дагы колдошу керек.

                        СНХ.А.ЭРГЕШЕВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21 - январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 - 6 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: -2…+3; Талас: -3…+2, Ысык-Көл: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад:0...5 градус жылуу болот. Нарын: -10…-15 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 21-январда  жаан-чачын болбойт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +1…+3 градуска чейин жылыйт.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...