ЖАҢЫЛЫКТАР 20.01.20.

20-01-2020 09:20

Бүгүн, 20 – январда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында “Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. “Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да талданмакчы.  “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбооруна карата парламенттик угуулардын сунуштары бекитилет.

Эртең, 21– январда “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн талкуулаган парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул мыйзам долбоору менен КР Соода – өнөр – жай палатасы үчүн Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгү менен байланышкан бир катар жаңы милдеттер такталат. Ошондой эле СӨПтүн жетекчисин шайлоо тартибин өзгөртүү да сунушталат.

Аялдар менен балдарга болгон зордук - зомбулук токтобой жаткандыгын жыл башындагы аянычтуу окуялар тастыктады, - деген депутат Наталья Никитенко, - “  Кылмышка шектелген жарандын үй камагына бошотулушу акылга сыйбас көрүнүш. Буга Жогорку Сот көңүл бурушу керек”, - дейт.

                        СНХ.Н.НИКИТЕНКО

Балдарды колдоо жылында мектеп окуучуларына шарт түзүү өзөчө маселе. Бул жагдайга кайрылган депутат Зиядин Жамалдинов мектептердин абалын жакшыртуу биринчи зарылчылык, - дейт.

                       СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Жыргалбек Турускулов ушул эле теманы улай, Жумгалдын Баш-Кууганды айылындагы мектептин курулушу 2015-жылы башталып токтоп калгандыгына эмне себеп? – деп Өкмөттөн жооп талап кылды.

                       СНХ.Ж.ТУРУСКУЛОВ  

Социалдык обьектиси жок айылдар деле бар. Кала берсе андагы мектепти мектеп деп атоого болбой турган абал арга түгөтөт. Мындай көрүнүштү депутат Төрөбай Зулпукаров сүрөттөдү.

                       СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20 - январда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абад: -1…+4; Талас: -4…+1 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл: Нарын: -12…-17, бийик тоолуу райондордо-10…-15 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 20-январда  жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы -1…+1 градуска чейин жылыйт.

Көрүүлөрдүн саны : 67

Окшош жаңылыктар