ЖАҢЫЛЫКТАР 17.01.20.

17-01-2020 09:11

21– январда “Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн талкуулаган парламенттик угуу өткөрүлөт. Бул мыйзам долбоору менен КР Соода – өнөр – жай палатасы үчүн Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгү менен байланышкан бир катар жаңы милдеттер такталат. Ошондой эле СӨПтүн жетекчисин шайлоо тартибин өзгөртүү да сунушталат.

Өнүгүүнүн тынымсыз өсүшүндө бир катар кесиптердин кереги жок болуп калат. Тактап айтканда 153 кесип жок болот деген иликтөөлөр айтылууда. Ошондуктан, билим берүү тармагында өзгөчө реформалар жасалышы зарыл. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев маселе көтөрдү.

                       СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

2020-жылдын “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы”, - деп жарыяланышы туура болгондугун айткан депутат Аида Исмаилова, - Балдар кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

                      СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Ошол эле балдарды колдоо жылынын жарыяланышын кубаттаган депутат Гүлшат Асылбаева, - бирок балдарды колдоо жаатындагы КР Өкмөтүнүн алсыз иштерин сынга алды.

                      СНХ.Г.АСЫЛБАЕВА

Депутат Жылдыз Мусабекова баласы ооруса доктурлар күнөөлүү, мектепте жаман окуса мугалим күнөөлүү деген жаман адат күчөп бараткандыгына кабатырланды.

                      СНХ.Ж.МУСАБЕКОВА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 17-январда Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын областтарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад областтарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал - Абад:-4…+1; Ысык – Көл: -2...+3 градуска чейин жылыйт. Талас: 0…-5; Нарын: -5…-10; бийик тоолуу райондордо 10…-15 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 17 – январда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 0…-2 градус суук болот.

Көрүүлөрдүн саны : 68

Окшош жаңылыктар