ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.20.

16-01-2020 09:02

Бүгүн, 16 – январдагы жыйынын Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” сааты менен ачат. “Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууланат. “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо экинчи окууга чыгарылат. “Ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам биринчи окууда каралат. Ошондой эле еүн тартибинде ратификациялык мыйзам долбоорлору да бар. 

Чек ара мсалеси боюнча митингге чыккандар кечээ Ак Үйдүн астында жыйналгандыгын айткан Төрага Дастанбек Жумабеков мамлекет тарабынан бул жаатта жетиштүү иштер жүрүп жаткандыгына токтолуп, мамлекетибиздин “тырмактай жери” да биз үчүн кымбат, - деди.

                        СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Чек ара маселелери боюнча курулай сүйлөшүүлөргө эле үмүт артпай, натыйжалуу иш алып баруу керек. Өкмөттүн бул багыттагы стратегиясы өзгөчө болбосо, өйдөлөп иш жылбай жатат, - дейт депутат Бакыт Төрөбаев парламенттин кечээки жыйынында.

                       СНХ.Б.ТӨРӨБАЕВ

Парламенттин кечээки олтурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ата - Мекен” фракциясынын тизмеси боюнча депутат  болуп келген Нурбек Сыдыгалиев салтанаттуу түрдө ант берип, депутаттык расмий укуктарын аткарууга киришти.

                      СНХ.Н.СЫДЫГАЛИЕВ

Студенттердин катарында медициналык багытта билим алып, ординатурадан өтүп жаткан жаштарыбыз эч кандай каражат таба алышпайт. Дагы деле ата – энелеринин жардамына таянышат. Бул маселени чечүүнүн жолдорун караштырышыбыз керек, - дейт депутат Айнура Осмонова Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

                     СНХ.А.ОСМОНОВА

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-январда көпчүлүк аймактарда мезгил – мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көлдүн акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Ысык - Көл:0...- 5, Талас:-1...-6, Нарын:-3…-9 градус суук болот.  Ош, Жалал – Абад, Баткен, Ысык - Көл: -4…+1 градус жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн,  16 - январда  кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы -1...-3 градус суук болот. 

               

 

Көрүүлөрдүн саны : 69

Окшош жаңылыктар