Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 15.01.20.

15-01-2020
08:25

Бүгүн, 15 – январдагы жыйынында Жогорку Кеңеш 2020-жылдын январына карата календарлык иш планын бекитет. “Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланат. “Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда талкууга чыгат. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү болсо биринчи окууда талданмакчы.  

Өкмөт өлкөнүн туристтик аброюн коргоо максатындагы өз ишинде Дубайдын жакшы тажрыйбаларын колдонсо болот. Мисалы, терс маанидеги маалыматтарга көзөмөл кылып, алардын жарыяланышына бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Жумалиев тармактык комитетте КР Аба кодексинин аткарылышы жаатындагы маалымат угулуп жатканда билдирди. Ошондой эле эл өкүлү чет элдик студенттерге жеңилдетилген кандай авиакатамдардын бар экендигине кызыкты.

                              СНХ.К.ЖУМАЛИЕВ

Өкмөттүн авиациялык багыттагы саясаты дээрлик жок. Качанкыга чейин мындай абалда өзүбүздү – өзүбүз алаксытып жүрө беребиз? – деген суроодо ачуу чындык тургандыгын депутат Бактыбек Сыдыков белгиледи.

                             СНХ.Б.СЫДЫКОВ

“Ачык асман” мыйзамынын негизги максаты – эл аралык түз авиакаттамдар ачылып, ички каттамдардын жолкире акысы төмөндөйт, - деп айтылган. Бирок, жыйынтыгы андай болгон жок, - дейт депутат Алмазбек Эргешов.

                             СНХ.А.ЭРГЕШОВ  

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-январда айрым аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй:-4...+1, Ош, Жалал – Абад, Баткен, Ысык - Көл: -2…+3 градус жылуу болот. Талас:0...-5, Нарын:-7…-12 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн,  15 - январда  кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы 0...2 градус суук болот. 

               

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...