Депутат Кубанычбек Жумалиев: «Өкмөт өлкөнүн туристтик аброюна шек келтирген маалыматтардын жарыяланышын жөнгө салуу чараларын иштеп чыгышы зарыл»

14-01-2020 12:35

Өлкөнүн туристтик аброюн коргоо максатында терс маанидеги маалыматтарга көзөмөл кылып, алардын жарыяланышына бөгөт коюу боюнча Дубайдын жакшы тажрыйбасы бар. Муну Өкмөт өз ишинде колдонуу чараларын көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде КР Аба кодексинин аткарылышы жаатында маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Ооба, бизде демократия бар, бирок, ар кандай маалыматтарды ылгабай жарыялай берип, анын чегинен чыгып да кеттик окшойт. Алтургай, КТРК деле маалыматтын жаман-жакшысын ылгайбай калды. Өкмөт муну колго алып, өлкөнүн туристтик аброюна шек келтирген маалыматтардын жарыяланышын жөнгө салуу чараларын иштеп чыгышы зарыл. Ансыз туризмди өз деңгээлинде өнүктүрүү кыйын», - деди депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 355

Окшош жаңылыктар