ЖАҢЫЛЫКТАР 14.01.20.

14-01-2020 09:01

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүн, 14 – январдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын аткарылышы тууралуу  маселе каралат.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бул жолку жыйынында депутаттар Д.Төлөнов, А.Назаров, К.Зулушев, У.Примов, Р.Чойбеков, Т.Тиллаев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү талданат.

Тышкы карыздардын ичинде алынган насыялардын басымдуу бөлүгү бюджетти колдоого жумшалууда. Дагы орчундуу каражаттар жол курууга коротулган. Бул тууралуу сандык далилдерге депутат Акылбек Жапаров токтолуп, төмөндөгүлөрдү белгиледи.

                      СНХ.А.ЖАПАРОВ

Учурда жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоого арналган мыйзам дүйнөнүн 181 мамлекетинде натыйжалуу иштеп жатат. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тастыктамасы, - дейт өз сөзүндө депутат Айнуру Алтыбаева. Россияны эле алып көргөндө мыйзамды ишке киргизүү менен чыгым чегүүчүлөрдүн эсеби бир топ төмөндөгөн.

                     СНХ.А.АЛТЫБАЕВА

Талкууда депутат Кожобек Рыспаев, - “Мектептен 100 метр аралыкта турган майда соода түйүндөрүндө тамеки сатылбашы керек”, - дейт.

                    СНХ.К.РЫСПАЕВ

             АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тоңголок тартып тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас, Ысык - Көл:0…-5; Нарын:-6…-11 градус суук болот. Ош, Жалал – Абад, Баткен: -2…+3 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  14 - январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы 0...2 градус суук болот. 

               

Көрүүлөрдүн саны : 65

Окшош жаңылыктар