Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.20.

13-01-2020
09:05

Жарандардын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү. Мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан даярдалган.

Абанын тазалыгын камсыздоонун бир жолу элге 3 фазалуу электр энергиясын жеткирип берүү. Бул жагы колдон келчү иш. Ошондуктан, көйгөй чечүүнүн инструменти өзүбүздө, - дейт депутат Кожобек Рыспаев парламенттин олтурумунда.

                          СНХ.К.РЫСПАЕВ

Депутат Акылбек Жапаров ички саясатты ким аныктайт, айрыкча экология жаатында? – дейт. Ошондой эле эл өкүлү электр энергетикасын колдонуунун күндүзгү, түнкү тарифтерин да карап көрүү керектегине токтолду.

                          СНХ.А.ЖАПАРОВ  

Экологиянын корголушу боюнча 2020 - жылдын жаз айларында атайын парламенттик угуу өткөрүү сунушун депутат Каныбек Иманалиев көтөрдү.

                          СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Бишкек – Нарын – Торугарт автожолун курууда үнөмдөлгөн каражат Нарын областынын Ак – Талаа, Жалал – Абад областынын Тогуз – Торо райондоруна баруучу чоң жолдун боюндагы Нарын районунун Жерге – Тал айыл аймагы аркылуу өткөн жолдун курулушуна жумшалат. Бул боюнча тиешелүү банктар менен макулдашууларга жетишилди, - дейт депутат Алмазбек Акматов “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                         СНХ.А.АКМАТОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-январда көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда кар калың түшөт. Жолдор тайгак тартып, тоңголок болот. Кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас:-3…2; Ысык – Көл: -2...3 градуска чейин жылыйт. Ош, Жалал – Абад, Баткен: 0…5 градус жылуу болот. Нарын:-5…-10 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн,  13 - январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы 0...2 градус жылуу болот.                 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 29. 05.23.

Бүгүн, 29-майда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет Чүй областынын Кант шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 26. 05.23.

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 25. 05.23.

Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 24. 05.23.

Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23. 05.23.

Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 22. 05.23.

Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...