Бишкекти каптаган ыштын деңгээлин төмөндөтүү боюнча Жогорку Кеңеш токтом долбоору талкууланды

26-12-2019 14:03

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында «Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чаралары тууралуу» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды. Маселенин демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Эл өкүлү эл аралык иликтөө борборлору шаардагы абанын булгануусунан улам Бишкекти эң кир шаарларына кошуу ыктымалдыгы бар деген бүтүм чыгаргандыгын, ошол эле маалда калааны каптаган ыш адам  ден соолугуна эбегейсиз зыяндуулугу арбып бара жаткандыгын  айтып, токтом долбоору иштелип чыккандыгын билдирди.

Демилгечилердин бири М.Маматалиев Бишкекти каптаган ыштын басымдуу бөлүгү Бишкек ЖЭБинен жана көмүр менен жылытылган чоң-чоң мекемелерден чыккан түтүндөн болуп жаткандыгына өз жүйөөлөрүн келтирди. Депутат Марлен Маматалиев шаарды газдаштыруу элге бир топ оор болуп жаткандыгын сандык салыштыруулар менен чечмелеп, андыктан, үйүнө газ киргизүү чыгымдарын төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу механизмин Өкмөт иштеп чыгуусу керектиги белгиледи.

Эл өкүлү токтом долбоорундагы Бишкектин чеке-белиндеги жаңы конуштардын жок дегенде кыш мезгилинде көмүр жагуусунда электр кубатына өтүүсүн камсыз кылуу үчүн 700 кВаттык жеңилдикти 1000 кВаттка көтөрүү маселесин колдоорун билдирди.

Ошону менен катар ЖЭБге жагыла турган көмүрлөрдүн гүлдүк, шлактык деңгээли боюнча туура тандоо зарылдыгын айтып, өлкөгө сырттан кирген көмүрлөрдөн алда канча зыяндуу ыш чыгаарын кошумчалады. Анын белгилөөсүндө, ЖЭБдеги түтүн чыгуучу морлоруна эл аралык стандарттагы чыптагычтарды коюу керек. Мончо комплекстери менен өнөржайларга да тиешелүү чыптагычтады орнотууга милдеттендирүү зарыл.

Мындан сырткары, борбор шаардын таштанды төгүүчү жайынын чыккан түтүн дагы калаанын абасынын бузулушуна салым кошуп жаткандыгы айтылып, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу жол-жоболорунун баштоо тапшырмасы долбоорго киргизилген.

Долбоорго өлкө боюнча К-4, К-5 эл аралык стандарттагы күйүүчү майларга толугу менен өтүү киргизилген. Ошону менен катар аткаруу бийлиги тарабынан электр менен жүрүүчү автомобилдерге өтүү чараларын тездетилиши керектиги белгиленген.

Талкууда эл өкүлдөрү жогоруда белгиленген тапшырмаларды аткарууга аткаруу бийлигинин мүмкүнчүлүгү жетеби деген маселе боюнча пикирлер ортого түштү. Бир катар эл өкүлдөрү көмүр жагуусунда электр кубатына өтүүсүн камсыз кылуу үчүн 700 кВаттык жеңилдикти 1000 кВаттка көтөрүү маселесин колдоого алып, токтом долбооруна Бишкек шаарында жел жүрүү багыты боюнча абалды аныктоо, тиешелүү иш-чараларга окумуштууларды тартуу боюнча сунуштар айтылды.

Токтом долбоору добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 4074

Окшош жаңылыктар