Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 26.12.19.

26-12-2019
08:46

Бүгүн, 26 – декабрдагы жыйынын Жогорку Кеңеш баштагыдай элеАр кандай маселелер” ссатынан баштап,  бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна көңүл бурат. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү экинчи окууга чыгарылат. “Жарандарды каттоолук эсепке алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына да кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөр бар. “Бишкек шаарында түтүндүн деңгээлин жана абанын булганышын төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору депутат Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленүүдө.

Жылына 5 млн адам, 1 млн автомашина каттаган “Ак-Жол” – “Кордай” өткөрмө жайы 2020-жылдын башынан тарта оңдоло баштайт. Ошондуктан, анын иши убактылуу токтотулат. Мындай абалда Өкмөт коңшу өлкө аймагына адамдар менен автомашиналарды өткөрүүнүн альтернативдүү жолун аныктап, ага карата даярдык көрүшү зарыл, - дейт Төрага орун басары Мирлан Бакиров парламенттин кечээки жыйынында.

                                СНХ.М.БАКИРОВ

2020 – жылдын 1 – январынан тартып жол кайгуул кызматынын адистери оң рулдуу унааларды токтотуп алып кыйнабашы керек. Себеби, мыйзам боюнча андай унааларды колдонуунун мөөнөтү ошол убакка чейин узартылган. Эми аны 2025 – жылга чейин узартуу багытында мыйзам долбоору даярдалып жаткандыгын депутат Иса Өмүркулов билдирди.

                                СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

Афганистан согушуна жөнөтүлгөндөрдүн катарында убагында Кыргызстандан барган партиялык 4 кызматкер болгон. Алардын азыр бирөө гана арабызда. Мындай адамга социалдык жеңилдик каралышы керек. Бул тууралуу демилгечи депутат Исхак Пирматовдун маалыматы:

                               СНХ.ПИРМАТОВ

ВИЧ – СПИД дартына кабылган балдардын саны эле 386 болсо, анын 70инин көзү өтүп кетти. Мындай илдетти жуктуруп алууга дарыгерлердин кайдыгерлиги себеп болгон учурлар жок эмес. Мындай ачуу чындыктын чынжырын үзүп, калк саламаттыгына олуттуу кам көрүшүбүз керек. Бөөдө жабыр тарткан жогорудагы балдарга компенсация төлөө шарттары каралууга тийиш, - дейт депутат Дастан Бекешев.

                              СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Эртең, 27- декабрда жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен коргоо жөнүндө мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлөт. Мыйзам долбоору депутаттар тобу тарабынан даярдалган.

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 26 – декабрда кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал – Абад, Баткен областтарынын айрым райондорунда туман каптайт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +2...+7, Баткен, Ош, Жалал-Абад: +4…+9 градус жылуу болот. Ысык - Көл: -1...+4 градуска чейин жылыйт. Нарын: -1...-6 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 26 - декабрда кар жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1 – 6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +5...+7 градус суук болот.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 14.07.21.

Жогорку Кеңешке алдыда шайлануучу 90 депутатты  аралаш  (параллелдик) система менен тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын  киргизүү сунушталууда. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 07.07.21.

Парламенттин бүгүнкү,  7 – июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 05.07.21.

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы болот. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  30 – июндагы жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  23 – июндагы жыйынында “Электр жана почта байланышы жөнүндөгү” мыйзамдын  өзгөртүүлөрү экинчи окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.06.21.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү,  17 – июндагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы жана республиканын аймактарын сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча маалыматы угулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы бул шилтемеде

Толук окуу...